• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Түндүк электр”: Февраль айында абоненттер 5% электр энергияны үнөмдөштү

Экономика 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. “Түндүк электр” ААК абоненттери февраль айында 34,8 млн. кВт.саат электр энергияны же каралган пландан (КР Өкмөтүнүн 26.04.2016-ж. № 215 токтому) 5,04 % үнөмдөштү. Жалпысынан бул айда абоненттер 655,6 млн. кВт.саат керектешти, бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 55,4 млн. кВт.саатка жогору. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын борбор калаасында февраль айында электр энергия 13,7 млн. кВт саатка же 4,29 % үнөмдөлгөн. Мерчемделген 318,7 млн. кВт.сааттан бишкектиктер 305 млн. кВт.саат электр энергияны керектешкен.

Чүй облусунун керектөөчүлөрү бул айда 12,4 млн. кВт саат электр энергияны же 3,99 % үнөмдөшкөн. Февраль айына каралган 311,4 млн. кВт сааттан Чүй облусунда 299 млн. кВт саат электр энергиясы пайдаланылган. Ал эми Талас облусунун тургундары 8,7 млн. кВт.саат же 14,36 % электр энергиясын үнөмдөштү: мерчемделген 60,3 млн. кВт.сааттан керектөө 51,7 млн. кВт.саатты түздү.

Пикир

Оставить комментарий