• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Түндүк электр” ишканасы абоненттерди эл көп жүргөн жерлерден алыс болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. “Түндүк электр” ишканасы абоненттерди эл көп жүргөн жерлерден алыс болууга чакырат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

“Түндүк электр” ишканасы коронавирустун жайылуусуна жол бербөө жана алдын алуу максатында бардык чараларды көрүүдө. Өкмөттүн атайын ыйгарымдуу өкүлүнүн чыгарган буйрутмасынын негизинде ишкана тарабынан коронавирусту профилактикалоо боюнча оперативдүү штаб түзүлгөн.

Оперативдүү штабдын чечими менен “Түндүк электр” ишканасынын бардык электр тармактарында жабдыктарды жана мекемелерди дезинфекциялоо иштери жүрдү.

Өз кезегинде керектөөчүлөр менен иш алып барган компаниянын кызматкерлери медициналык маскалар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз болду. Андан тышкары, акционердик коом тейлөө борборлоруна колду тазалоочу антисептикалык каражаттарды уюштурду.

“Түндүк электр” ишканасынын оперативдүү штабы Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын аткарууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий