• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Түндүк электр" ишканасы Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн тилкелеринде жаңы кабель тартууда

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. "Түндүкэлектр" ААКсы Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн тилкелеринде жаңы кабель тартууда. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкана билдиргендей, эски кабелдер 1956-1970-жылдар аралыгында салынып, азыркы шартка туура келбейт.

"Жалпы бул тилкеде узундугу 1970 метр болгон 5 кабель алмаштырылат. Эски кабелдер 1956-1970-жылдары салынган. Анын өткөрүмдүүлүгү (120-150 мм²) аз болуп, азыркы шартка туура келбейт. Азыркы салынып жаткан, Россияда өндүрүлгөн кабелдин өткөрүмдүүлүгү 185 мм². "Түндүкэлектр" ААКсы 2019-жылдын аягына чейин 52,7 чакырым 6, 10 кВ чыңалуудагы эски кабелдерди алмаштырууну пландоодо", -деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Бөкөнбаев менен Логвиненко, Тыныстанов менен Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн тилкелеринде кабель алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Кабель алмаштыруу иштеринен тышкары Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуудагы жаңы кабель линияларын куруу иштери жүрөт. 2019-жылы Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуудагы эки чакырым кабель курулат.

Ишкананын билдиргени боюнча, "Түндүкэлектр" ААКсынын балансында Бишкек шаары боюнча 955 чакырым 35, 10, 6 кВ чыңалуудагы кабелдик линиялар бар. 2012-2018-жылдары Бишкекте жер астындагы 174,6 чакырым кабель реконструкция болгон.

Пикир

Оставить комментарий