• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Түндүк электр" ишканасы жөнөкөй эсептегичтери бар абоненттерге сактагычтарды орнотууда

Коом 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. "Түндүк электр" ишканасы электр жабдууларын иштен чыгуусун алдын алууда, - деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Түндүк электр" калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана электр жабдууларын иштен чыгуусун алдын алуу максатында жөнөкөй эсептегичтери бар абоненттерге сактагычтарды (предохранитель) коюуда. Алсак, бул сактагычтар трансформатордук көмөкчордондордун жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу милдетин аткарат.

"Бул жабдык абонентке берилген 5 кВт кубаттуулукту берет. Андан тышкары, эгер абонент ашыкча кубаттуулукту колдоно турган болсо сактагыч күйүп кетет жана абонентке ыңгайсыздык жаратат. Урматтуу абоненттер ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн, берилген 5 кВт кубаттуулук чектен ашпай, электр жабдыктарын электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий