• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Түндүк электр" ишканасына кошумча РЭТ имараты курулууда

Коом 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-августта, Бишкетеги Ак-Босого жаңы конушунда "Түндүк электр" ААКсынын Түндүк райондук электр тармагынын (РЭТ) имаратынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, капсула салуу иш-чарасына КРнын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев, "Улуттук энергохолдинг" башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев, "Түндүк электр" ААКнын башкы директору Азамат Кожомкуловдор катышты.

Эске сала кетсек, эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу "Түндүк электр" ишканасына кошумча РЭТтин имараты курулууда.

РЭТтин курулушу менен Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун керектөөчүлөрү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий