• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Түндүк электр” ишканасынын базасында колл-борбор ачылды

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда “Түндүк электр” ААКнын базасында колл-борбор ачылды.

Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев катышты.

Колл-борборду ачуунун максаты - абоненттерден келген чалууларды, кайрылууларды жана даттанууларды кабыл алууну жакшыртуу жана аны иштеп чыгуу, талдоо жана көзөмөлдөө, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштерди оптималдаштыруу. Башкача айтканда, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.

Белгилей кетсек, буга чейин колл-борбор аутсорсинг компаниясы аркылуу тейленген.

Колл-борбор Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын тейлейт. Колл-борбордо керектөөчүлөр менен тез жана натыйжалуу иштөө үчүн райондук электр тармактарынын суроо-талап бөлүмүнүн адистери жана диспетчерлерден куралган 17 оператор эмгектенет.

“Колл-борбордун операторлору абоненттердин телефон чалууларын күнү-түнү көп каналдуу телефон линиясы аркылуу кабыл алат. “Түндүк электр” ишканасынын абоненттери электр жарыгынын өчүшүнүн себептери тууралуу маалымат алып, өздөрүнүн көйгөйүн айтып же кеңеш ала алышат. Бул кардарлардын өз ара мамилелеринин сапатын жакшыртууга, талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле керектөөчүнүн күнү-түнү келген жана чыгуучу телефон чалууларын иштеп чыгуу системасын оптималдаштырууга жана тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.

Колл-борбор: 1209, (0772 /0702 / 0556) 001209 WhatsApp 0551 001209

Пикир

Оставить комментарий