• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлерине жаңы атайын техникалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. "Түндүк электр" ишканасынын Сокулук, Аламүдүн жана Түндүк РЭТ кызматкерлерине жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Министрдин айтымында, Сокулук жана Аламүдүн РЭТтери беш автоунаага, ал эми Түндүк РЭТ үч автоунаага ээ болушту.

“Аталган техника оңдоо-түзөө иштери жүрүп жаткан жерге бөлүштүрүү тармактарынын электрик-монтёр бригадаларын жеткирип туруу максатында алынган. Толугу менен электр энергиясынан көз каранды, сүйлөшүүчү аппарат жана автономдук меш орнотулган жана жылдын бардык мезгилдеринде ташып жүрүүгө ыңгайлашкан. Аны менен бирге Түндүк РЭТке жаңы жүктөөчү экскаватор, Батыш РЭТке жаңы кичи автобус тапшырылды”, - деп жазат Бекмурзаев.

Пикир

Оставить комментарий