• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Түндүк электр": Калың кардын кесепетинен авариялык өчүрүүлөр катталды

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-январда, калың кардын кесепетинен Бишкек шаарынын жана Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда электр энергиянын авариялык өчүрүлүшү катталды. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирет.

Бузууларды жокко чыгаруу үстүндө 32 оперативдүү-чыгуу бригадалары иштөөдө, анын ичинен Бишкек шаары боюнча - 8, Чүй облусу - 19 жана Талас облусу боюнча 5 бригада.

Керектөөчулөрдү үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо максатында "Түндүк электр" ААКсынын кызматкерлери күчөтулгөн режиминде иштөөдө.

Электр энергия боюнча суроолор жаралса, анда "Түндүк электр" ААКсынын 1209, 0772/ 702/ 556 001209 номурундагы колл-борборуна, же шилтемеге кирип (http://kyr.se.kg/content/articles_view/682), күнү-түнү иштеген диспетчердик кызматтардын номуруна чалууга болот.

Пикир

Оставить комментарий