• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түндүк электр карызы бар 2 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

Коом 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. "Түндүкэлектр" ишканасы 5-октябрда өз маалында карызынан кутулбаган 2 миң 248ден ашуун кардардын жарыгын өчүрүнүү пландап жатат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жарык үчүн төлөбөгөндөрдүн жалпы карызы 1-октябрга карата 65,9 миллион сомду түзгөн.

Тоскоолдуктар келип чыкпашы үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы кардарларды жарык үчүн төлөмдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Эске салсак, "Түндүкэлектрге" болгон карыздарды "Мобильник", "QIWI" төлөм терминалдарынан жана "Айыл Банктын" кассаларынан төлөөгө болот.

Пикир

Оставить комментарий