• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Түндүк электр": Октябрда 458,3 млн сом чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Октябрь айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 447,6 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2018-жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 51,9 млн. кВт.саатка аз. Бул тууралуу ишканадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Түндүк электр" бөлүштүрүүчү компаниясынын өткөн айга болгон товардык продукциясы 511,8 млн. сомду түзгөн, аны менен бирге 458,3 млн. сом (89,5 %) чогултулган.

Октябрь айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу: калк арасында –78,1 %, бюджеттик уюмдардан –86,4 %, өндүрүштүк объектилерден- 100,2 %,

башка керектөөчүлөрдөн -100,8 % жана айыл чарба объектилеринен –103,4 %га аткарылды.

Бөлүштүрүү компаниясы тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй: Бишкек шаарында төлөм чогултуу – 100 %, Чүй облусунда –78,6 %, Талас облусунда –90,7 %ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий