• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Түндүк электр” Сокулук районундагы аба электр чубалгыларын оңдоодо

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. “Түндүк электр” ААК Сокулук районундагы керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардыалып барууда. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал үчүн Сокулук райондук электр тармактарынын (РЭТ) электр куроочулары 0,4 кВ аба электр чубалгыларын өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялоодо. Чубалгыларды аталган зымдарга алмаштыруу иштери Шопоков шаарында, Гавриловка жана Военно-Антоновка айылдарында жүрүүдө.

"Сокулук району боюнча 5-октябрга 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 45,3 чакырымы реконструкцияланып, 926 темирбетон тирөөчтөрү орнотулган. Жалпысынан 2018-жылы “Түндүк электр" ААК Сокулук районундагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 86,3 чакырымын өзү кармалып туруучу изоляцияланган зымдарга алмаштырууну мерчемдөөдө. Ал үчүн энергетиктер 1495 темирбетон тирөөчтөрдү орнотушу керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий