• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Түндүк электр": Жыл башынан бери дебитордук карыз 338 млн. сомго төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. "Түндүк электр" ишканасынын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы биринчи сентябрга карата 376,5 млн. сомду түздү. Сегиз айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 338 млн. сомго же 47,3 %га төмөндөтүштү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Дебитордук карыздын 313,1 млн. сомго же 59,5 % төмөндөшү калк категориясында катталган.

Бюджеттик уюмдар категориясы – 25,1 млн. сомго же 32,4 %;

Өндүрүш абоненттери – 3,3 млн. сомго же 7,4 % төмөндөтө алышкан.

Ал эми айыл-чарба керектөөчүлөрү категориясында дебитордук карыз – 199 миң сомго же 5,4 % жана башка керектөөчүлөрүндө – 3,4 млн. сом же 5,5 %га жогорулаган.

"Түндүк электр" ишканасы тейлеген бардык аймактарда дебитордук карыздын төмөндөшү байкалат:

-борбор калаада – 94,5 млн. сомго же 44 %;

-Чүй облусунда – 203,3 млн. сомго же 51,2 %;

-Талас облусунда - 40,2 млн. сомго же 39,1 % га төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий