• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Түндүк электрдин” абоненттери он айда электр энергияга болгон карызын 185,1 млн. сомго төмөндөттү

Коом 0

Бишкек, 16.11.17 /Кабар/. “Түндүк электр” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы биринчи ноябрга 567,1 млн. сомду түздү. Он айда керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 185,1 млн. сомго же 24,6 % төмөндөтүштү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен энергетиктер алдындагы карызын

калк категориясы–165 млн.сомго же 31,7%;

өндүрүш абоненттери – 7,8 млн.сомго же 14,9 %

бюджеттик уюмдар – 6,5 млн.сомго же 7,9 %

башка керектөөчүлөр – 6,6 млн.сомго же 7,1 % азайткан.

Ал эми айыл чарба категориясында дебитордук карыз 0,7 млн.сомго же 14,2 % өскөн.

Дебитордук карыздын төмөндөшү “Түндүк электр” ААК тейлеген бардык аймактарда байкалууда. Тактап айтсак, бишкектиктер керектелген электр энергияга болгон карыздарын 56 млн. сомго же 22 % га азайтышты;

Чүй облусунун керетөөчүлөрү энергетиктерге болгон карыздарын 103 млн. сомго же 26,7% га төмөндөтүштү;

ал эми Талас облусунда калктын дебитордук карызы 26,2 млн. сомго же 23,4 % төмөндөдү

Пикир

Оставить комментарий