• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Түндүк Кипрде билим алган кыргыз жаштары Айтматовду эскеришти

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Түндүк Кипрде билим алган кыргыз жаштары кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскеришти. Гирне Америкалык университетинин студенти Бегимай Мамурова менен Жакынкы Чыгыш университетинин магистранты Ислам Кылычбек улуу Айтматовдун адабият ааламындагы орду тууралуу баяндама жасашкан. Ошондой эле 90 жылдык мааракенин алкагында өткөрүлгөн маданий иш-чаралар тууралуу да пикир алышуу болду.

“Студенттерден түзүлгөн эл аралык ассоциация бар. Мында Кипрде билим алып жатышкан ар кайсы өлкөлөрдүн студенттери менен тыгыз байланышта иш алып барылат. Окуу жайдын ректору Мустафа Түмер Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында студенттерге иш-чара өткөрүүнү өтүнгөн. Аларга эркиндик, сүйүү, достук, айлана-чөйрө менен адамзаттын байланышы, намыс, бакыт, жеңиш тууралуу Айтматовдун чыгармаларынын мисалында айтып бердик”, - дейт Ислам Кылычбек уулу.

Залкар жазуучунун 90 жылдык мааракесин утурлай эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2018-жылды “Айтматов жылы” деп жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий