• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Түндүк” системасы: Мамфинчалгындоо акчанын изин жашырууга жана терроризмге тиешеси бар уюмдар тууралуу маалыматтарды берет

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик финансылык чалгындоо “Түндүк” мекемелер аралык өз ара аракеттин алкагында маалыматтарды алууну тездетүү үчүн өзүнүн маалымат алмашуу системасын автоматташтырууну колдойт. Бул тууралуу “Түндүк” системасы: жетишкендиктери жана келечеги” конференциясында Мамлекеттик финансылык чалгындоонун төрагасы Гүламжан Анарбаев билдирди.

“Финансылык чалгындоо маалыматты жазуу түрүндө сурам жөнөтүү жана тез жеткирүү аркылуу жоопту алуу жолу менен менен алат. Бул биздин жумуштун оперативдүүлүгүнө, жашырындуулугуна жана эффективдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет. Себеби мамлекеттик органдардан маалыматтарды алып, иштеп чыгууга көп убакыт кетет. Чет өлкөлөрдүн финансылык чалгындоолору башка мамлекеттик органдардын маалыматтарына жеткиликтүүлүгү бар. Биздин кызмат бир айдын ичинде көптөгөн сурамдарды жиберет. Жооптор 15-20 күндүн ичинде келет. Бир айда 500 сурам жиберет”, - деди ал.

Анарбаев ведомствонун эффективдүү жумушу үчүн “Түндүк” автоматташтырылган системасына өтүү керектигин белгиледи.

“Түндүк” системасына кошулуу сурамдар боюнча мамлекеттик органдардан жана финансылык мекемелерден ыкчам түрдө маалымат алууга жардам берет. Өз кезегинде биздин ведомство эки базаны түзөт: террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдардын маалыматтарынын түзүмдүк тизмеси. Экинчиси, кылмыштык кирешелердин изин жашырууга тиешеси бар уюмдардын жана адамдардын тизмеси”, - деди ал жана эл аралык өз ара аракеттин алкагында автоматташтырылган системага өтүү талап кылынарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий