• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Түндүк” системасы: Мамлекеттик сатып алууларды камсыздоочулар пилоттук режимде маалымкаттарды электрондук түрдө алса болот

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. “Түндүк” мекемелер аралык өз ара аракет системасынын алкагында пилоттук долбоор ишке кирди. Ал жерде мамлекеттик сатып алууларды камсыздоочулар маалымкаттарды электрондук түрдө алса болот. Бул тууралуу “Түндүк” системасы: жетишкендиктери жана келечеги” конференциясында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Электрондук өз ара аракет борбору” мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева билдирди.

Ал учурда мамлекеттик ишкана 3 долбоордун үстүндө иштеп жатканын айтты: мамлекеттик сатып алууларды камсыздоочулар үчүн онлайн-маалымкаттарды берүү, бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку жөлөк пул (балага сүйүнчү) жана жүктөрдү жана транспорт каражаттарын көзөмөлдөө.

“Мамлекеттик сатып алуулар департаменти февралда мамлекеттик органдарга кызматтарын жеткирген камсыздоочулар үчүн маалымкаттарды берүүнү автоматташтыруу сунушу менен кайрылган. Алар эки маалымкат алып келиши керек – салыктык карыздын жоктугу тууралуу жана Социалдык фонддон. Учурда 17-сентябрдан баштап камсыздоочулар маалымкат алып келбей эле коюшса болот. Пилоттук долбоор ишке кирди. Эми порталга киргенде камсыздоочу өзүнүн карызы бар же жок экенин билип алса болот. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти бул маалымкатты алса болот”, - деди ал.

Кутнаева жүктөрдү жана транспорт каражаттарын көзөмөлдөө мамлекет үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи. Себеби эгерде чек ара, бажы жана салык кызматтарын, Экономика министрлигин, Транспорт министрлигин бириктирсе, бул жүктөрдү көзөмөлдөөнү түзөт. Ал товарлардын аткезчилигин азайтып, мамлекеттин бюджетин толуктайт.

“Өкмөт биринчи кезектеги маалыматтардын базасынын планын, 82 негизги маалымат ресурстарын киргизүү жөнүндө планды кабыл алган. Биз маалымкаттарды инвентаризациялоо боюнча чоң процессти демилгелегенбиз. Мамлекеттик органдар жарандарды маалымкат алуу үчүн ар кайсы жакка жиберүүнү жакшы көргөнү сыр эмес. Биз бардык мамлекеттик органдардан ведомство канча маалымкат талап кыларын сурадык. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекеттик органдар 123 ар кандай маалымкаттарды жарандарга берери, аларды берүү үчүн 93 документ керектелери белгилүү болду”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий