• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулган

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Бүгүнкү күндө «Түндүк» мекемелер аралык электрондук байланыш системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулган. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолушуу учурунда билдирди.

«Бүгүнкү күндө «Түндүк» мекемелер аралык электрондук байланыш системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулган. Системада 389 сервис бар. 2018-2019-жылдары 17,4 млн транзакция жасалган. Учурда 12 маалымкат автоматташтырылган. Мындан улам бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашык жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулган», - деди ал.

Ал белгилегендей, карызы жок деген маалымкатты алуу да автоматташтырылып, бизнес өкүлдөрү 18 млн сом үнөмдөй алышкан.

Пикир

Оставить комментарий