• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Түндүк” системасында мөөр катары электрондук кол тамга колдонулат

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. “Түндүк” системасында электрондук форматта мөөр катары электрондук кол тамга колдонулат. Бул тууралуу “Электрондук кызматташуу борбору” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат Буржуев мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн уюштурулган "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү системасы аркылуу электрондук башкаруу" темасындагы семинарда билдирди.

Ал билдиргендей, системага мекеменин электрондук кол тамгасы киргизилип, ал керек учурда документке мөөр катары коюлат.

“Мисалы, маалыматка мекеменин мөөрү керек болгондо кызматкерлер мөөр, башкача айтканда электрондук кол коюп берет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий