• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Түндүк" системасында маалымат алмашууда Каттоо кызматы, Башкы прокуратура менен ИИМ алдыда турат – Догоев

Коом 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. "Түндүк" тутумунда маалымат алмашуу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы, Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги алдыда турат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев мамлекет органдардын башчылары үчүн "Түндүк" системасы тууралуу өткөрүлүп жаткан семинарда билдирди.

Догоев белгилегендей, семинардын алкагында санариптештирүү деген эмне, мамлекеттик органдардын орду кандай жана алардын жоопкерчилиги тууралуу айтылат.

"Түндүк" тутумуна кошулгандардын арасында документ алмашпаган мамлекеттик органдар да бар. Бул нерсе ал органдардын автоматташтырылган системанын жана маалыматтардын электрондук базасынын жоктугу менен байланыштуу. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт 309 млн. сом бөлдү. Алар автоматташтыруу жана маалыматтардын электрондук базасын түзүү үчүн сарпталат. Калк үчүн жалпы 189 мамлекеттик кызмат электрондук түрдө көрсөтүлөт", - деди ал.

Андан тышкары Догоев белгилегендей, мамлекеттик органдардын санариптештирүүнү өздөштүрүүсүндө эки негизги жагдай бар: башкаруу жана тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий