• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун эстакадалык көпүрөлөрүндө негизги жумуштар бүтүп калды

Аймак 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун эстакадалык көпүрөлөрүндө негизги жумуштар бүтүп калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад-Балыкчы түндүк-түштүк альтернативдик жолуна курулуп жаткан эстакадалык көпүрөлөрдөгү иштин жүрүшү менен таанышты.

Тогуз-Торо районундагы Нарын дарыясы аркылуу өткөн эки эстакадалык көпүрөдө негизги жумуштар соңуна чыгуу алдында турат. Азыркы учурда бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жол куруучулар аны июль айынын аягына чейин аяктоону пландаган. Андан кийин асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна салынып жаткан асма көпүрөлөрдүн биринин узундугу 1 миң 76, экинчиси 396 метрге созулат. Алардын бийиктиги 35 метрден жогору болсо, суу асты да 46 метрге чейинки бетон түркүктөр менен бекемделген.

Көпүрөлөр бүтсө Тогуз-Торонун жашоочулары жаңы жол менен каттап, Бишкекке баруучу жол 5-6 саатка кыскарат.

Облус башчысы аны менен бирге альтернативдик жолго салынып жаткан Көк-Арт тоннелинин түндүк тарабындагы казуу иштерин көрдү. Жалпы узундугу 3 миң 800 метрдин учурда 2 миң 800 метрден ашууну казылды. Негизге тоннелдин бийиктиги 9, туурасы 10 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий