• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Түндүк-Түштүк» унаажолунун курулушу графиктен бир аз кечигип жатат - министр

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. «Түндүк-Түштүк» унаажолунун курулушу графиктен бир аз кечигип жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди.

Министр күн жылыса жолдун курулушу тездетиле турганын белгиледи.

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде автомобиль жолдорунун абалы, жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат угуп жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы жол төрт келишимдин негизинде төрт фазада ишке ашырылат.

Жолду куруу боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев демилге көтөрүп, жумуш 2014-жылы башталган. Ош-Бишкек жолуна альтернатива болчу Жалал-Абад – Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.

Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын байланыштырган жол Кочкор, Чаек, Көкөмерен, Казарман аркылуу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий