• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Түндүк-Түштүк жолунун Дыйкан – Кызыл-Жылдыз тилкесине 13 км асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун III фазасында 159-183-чакырымын (Дыйкан –Кызыл-Жылдыз) реконструкциялоо долбоорунун алкагында 13 км асфальт төшөө жана 44 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда эки көпүрөнүн жана 12 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулуш иштери жүрүп жатат.

“Министрлик тарабынан 2022-жылдын аягына чейин долбоор боюнча толугу менен асфальттоо иштерин бүткөрүү жана пайдаланууга берүү чаралары көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштерине 228 жумушчу мобилизацияланып, 92 жол-курулуш техникасы ишке тартылган. Бүгүнкү күндө аткарылган физикалык иштердин жалпы көлөмү 55% ды түзөт

Пикир

Оставить комментарий