• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Токиодо өтө турган Олимпиаданын ачылышында Түштүк жана Түндүк Корея чогуу чыгууну пландоодо

Дүйнө 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Түштүк Корея жана Түндүк Корея чогуу чыгууну пландоодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги Эл аралык олимпиада комитетиинин президенти Томас Бахка шилтеме берип жазды.

15-февралда Лозанна шаарында эки өлкөнүн жана Олимпиада комитетинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн.

Анда кореялыктар бир курама команда болуп чыгууга да макул экендигин айтышкан.

Мындай сунушту кабыл алуу боюнча эл аралык комитет талкуулай тургандыгын айткан.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын сентябрында Пхеньянда Түндүк жана Түштүк Кореялардын президенттери 2032-жылкы Жайкы олимпиаданы биргеликте өткөрүү үчүн чогуу арыз берүүнү макулдашышкан. Расмий кат Эл аралык олимпиада комитетине жолдонгон.

Кошумчалай кетсек, Түштүк Кореяда Олимпиада оюндары 1988-жылы Сеулда, 2018-жылы Пхеньянда өткөн.

Пикир

Оставить комментарий