• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Түндүкэлектр" ААК керектөөчүлөрдү электр жарыгына болгон карыздарын төлөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда, “Түндүкэлектр" ААК Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 7 миң 170 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү. Алардын карыздары 6 млн. сомдон ашуун каржыны түзгөн.

Күз-кыш мезгилинде ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүү менен, төлөө тартибин сактоону сунуштайт.

“Түндүкэлектр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. "Мобильник", "QIWI", "Quickpay", "UMAI" төлөм терминалдарынан, ошондой эле "Мобильник", "UMAI" электрондук капчыктарынан,"Кыргызпочтасы" МИ, "Айыл Банк" кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүкэлектр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

Пикир

Оставить комментарий