• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Түндүкэлектр”: “Бейшеке” көмөкчордонунда оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Талас кеңсесинин электр техникалык кызматынын адистери Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы жогорку вольттогу 35/10 кВ “Бейшеке” көмөкчордонунда оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

"Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашкандай, бул эки күч трансформаторлуу көмөкчордон 1980-жылы ишке киргизилген, анын жалпы кубаттуулугу 5 000 киловольт-амперди түзөт. Бугүнкү күндө “Бейшеке” көмөкчордону Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек, Май, Кыргызстан, Кара-Суу айылдарын электр энергия менен камсыздайт.

Иштин жүрүшүндө электр куроочулар сүрүлүүчү жерлерин майлап, изоляциянын каршылыгын ченеп жана параметрлерин такташып, релелик коргоолорду сынап, май өчүргүчтөрдү жөнгө салышат.

Электр техникалык кызматынын жетекчиси Кеңеш Кудашевдин айтымында, жалпысынан 2018-жылы Талас облусундагы 11 жогорку вольттогу көмөкчордондорду техникалык тейлөөдөн өткөрүүгө 2,4 млн. сомдон ашуун каржы каралган. Он айдын жыйынтыгы боюнча техникалык тейлөө он көмөкчордонго жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий