• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Түндүкэлектр”: Бишкекте өз убагында төлөм жүргүзбөгөн 8,4 миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1нен 3-декабрына чейин “Түндүкэлектр” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 8400 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Керектөөчүлөрдүн карыздарынын жалпы суммасы 22,7 млн. сомду түзөт.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, быйыл 1-2-декабрь дем алыш күндөргө туш келет. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

“Түндүкэлектр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. "Мобильник", "QIWI", "Quickpay", "UMAI" төлөм терминалдарынан, ошондой эле "Мобильник", "UMAI" электрондук капчыктарынан, "Кыргызпочтасы" МИ, "Айыл Банктын" кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүкэлектр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүкэлектр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң, электр жарыкка кошулат.

Пикир

Оставить комментарий