• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Түндүкэлектр” эгемендүүлүк күнүнө карата карыз абоненттерге белек камдады

Коом 0

Бишкек, 26-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 1-31-августка чейин карызын төлөгөн “Түндүкэлектрдин” абоненттеринен карыз көбөйүп кеткенде кошулчу туум алынып салынат.

Ведомствонун билдиришинче, акция эгемендүүлүк күнүнө утурлай уюштурулууда.

“Биздин абоненттерге мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бул ыкма менен алар бир эле карыздан кутулбастан, өздөрүн кара тизмеден чийип салышат. Муну менен алар соттук териштирүүлөрдөн жана башка мыйзамда каралган жоопкерчиликтен биротоло кутулушат. Туумду кечүү акциянын аягында жүргүзүлөт”,-деп билдирди “Түндүкэлектрдин” директорунун орун басары Тилебалды Жаныбаев .

Белгилүү болгондой, акцияга төмөнкү категориядагы абоненттер катыша алат:

1. Республикалык бюджеттен каржыланган мекемелер;
2. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер;
3. Муниципалдык уюмдар;
4. Калк.

Пикир

Оставить комментарий