• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Түндүкэлектр” карызы бар 6 миң абоненттин жарыгын өчүрөт

Коом 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. “Түндүкэлектр” ААК ишканасы 19-20-сентябрда карызы бар 6 миң абоненттин жарыгын өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрга карата Бишкек шаарында жарык үчүн төлөбөгөндөрдүн жалпы карызы 63,4 миллион сомду түзгөн.

Андан сырткары “Түндүкэлектр” 20-сентябрда тарта Бишкекте карызы бар бир катар ведомства жана мекемелердин жарыгын өчүрө тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий