• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 91 жаран кармалып, 10 автоунаа токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 91 жаран кармалып, 10 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен;

  • Бишкек шаары боюнча - 61,
  • Ош шаары боюнча - 6,
  • Жалал-Абад шаары - 3,
  • Сузак районунда - 21. Ал эми Кара Суу жана Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2192 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалган.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.

"“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий