• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 148 жаран кармалып, 18 автоунаа токтотулду

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. 29-марттан саат 20:00дөн тартып 30-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 148 жаран кармалып, 18 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен: • Бишкек шаары боюнча - 122, • Ош шаары боюнча - 8, • Жалал-Абад шаары - 9, • Сузак району боюнча - 4, • Ноокат району боюнча - 1, • Кара-Суу районунда - 4 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди.

"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди", - деп билдиришти ИИМден.

"“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык, тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын дагы бир жолу эскертебиз. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий