• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түндө сабалып өлтүрүлгөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү: Иштин чоо-жайы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан күн мурун түндө өлтүрүлгөн уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсүнө байланыштуу иштин чоо-жайын айтып беришти.

"Кабар" агенттигине милициядан кабарлашкандай, 2019-жылдын 10-апрелинде болжол менен түнкү саат 01:45 чамасында Ленин райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө “102” кызматы аркылуу №2 төрөт үйүнүн аймагында эсин жоготкон азият улутундагы эки адам табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Дароо жерине Ленин райондук милиция бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу барган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, эсин жоготкон эки эркек кишини белгисиз адамдар төрөт үйүнүн эшигинин алдына алып келип, таштап качып кетишкен. Сабалган эки жарандын биринде 1974-жылкы А.И., аттуу жарандын атына берилген айдоочулук күбөлүк табылган. Ал киши эсине келбестен ооруканадан көз жумган. Экинчиси 1983-жылкы У.А., аттуу жаран экендиги аныкталды. Анын абалы оор.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда ыкчам-издөө жана тергөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү соттук-криминалдык экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий