• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өкмөт башчы «Түндү-Түштүк» альтернативдик жолунун сапатына көңүл бурууну күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Сапар Исаков Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы орто мектептин курулушун аягына чыгарууну жана «Түндү-Түштүк» альтернативдик жолунун сапатына көңүл бурууну күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тиешелүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-октябрда, Нарын облусуна болгон иш сапарында билдирди.

Өкмөт башчы Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы 570 балага ылайыкталган орто мектептин абалы менен таанышты. Окуу класстарында балдардын саны көп болгондуктан кошумча имарат куруу муктаждыгы бар.

Мектептин аймагында 1989-жылы курулушу башталып, 1991-жылы бүтпөй токтоп калган имарат турат. Азыркы тапта жаңы долбоор боюнча имараттын дубалы тургузулду.

Аталган мектептеги балдардын окуу процессине жетиштүү шарт түзүү максатында Премьер-министр 2017-жылдын аягына чейин имараттын курулушун бүтүрүп, терегек четин тосуу иштерин да аягына чыгарууну тапшырды.

Сапар Исаков эски мектепте окуп жаткан балдарга кирип, алар менен баарлашып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Андан ары Премьер-министр «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунунун 254 чакырымындагы экинчи фазасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга жолдун өз убагында жана сапаттуу курулушун катуу көзөмөлгө алуу керектигин эскертти.

«Аталган жолдун курулушу өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жол өлкөнүн негизги транспорттук артериясы болуп, аймактардагы экономикалык жана социалдык абалдын жакшырышына кошумча дем берет», — деди ал.

«Түндүк-Түштүк» автожолунунун аталган участогунун Арал айылынан баштап Казарман айылына чейинки жалпы узундугу 96 чакырымды түзөт. Жолдун курулуш иштери 2015-жылдын август айында башталган.

Бүгүнкү күндө «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун экинчи фазасынын курулушу 38% аяктады. 33,5 чакырым жери жолго ылайыкталып жасалып, 52 чакырым жери убактылуу техникалык жол курулду. Учурда жалпы узундугу 416 чакырым болгон үч көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары долбоордун аталган участогунда жалпы узундугу 1482 чакырымды түзгөн эки эстакадалык көпүрө куруу пландалууда.

Жолдун курулушун аягына чыгаруу иштери кемчиликтерин оңдоо мөөнөтүн эске алуу менен 2021-жылдын ноябрь айына пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий