• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Түнкү авария” кыргыз тасмасы Эстониядагы кинофестивалда башкы сынакка катышат

Маданият 0

Бишкек, 18.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз режиссеру Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” тасмасы Таллинде (Эстония) 17-ноябрдан 3-декабрга чейин өтө турган “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында маалымдалган.

Алардын маалыматы боюнча фестивалдын директору Тиина Локк Бирназаровго чакыруусунда аталган фестиваль эстониялык, балтиялык жана түндүк европалык көрүүчүлөргө дүйнөлүк кинонун ар түрдүүлүгүн сунуштоога арналган.

2014-жылдан тарта эл аралык сынактарды уюштуруу үчүн FIAPF аккредитациясынан өткөн.

Синопсис: “Түнкү авария” тасмасынын чордонунда ажлгыз карыя жана таң калычтуу кыз. Карыя жарадар кызды жолдон таап алган. Карыя кызга кам көрүп жүрүп, бара-бара аны сүйүп калат.

Пикир

Оставить комментарий