• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түнкү Бишкек жарык жана коопсуз болот. Мэрия 72 көчөнү жарыктандырууну пландап жатат

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек мэриясы шаар аймагындагы 72 көчөнү жылдын биринчи жарымында жарыктандырууну пландап жатат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, заманбап сырткы чырактар “Бишкекжарык” МИсы тарабынан орнотулат.

“Үстүбүздөгү жылдын I жана II кварталында 4 миң заманбап чырактарды 72 көчөгө, жаңы конуштарга жана кичи райондорго орнотуу пландалууда. Жүргүзүлө турган иштин алкагында 18 көчөдөгү сырткы жарыктар оңдолот”,-деп билдиришти мэриядан.

Билдирүүдө айтылгандай көчөлөрдүн тизмеси такталды, алар кайсыл экендигин шилтеме аркылуу кирип билүүгө болот.

http://www.meria.kg/index.php?option=com_newscatalog&view=article&id=17286:na-72-bishkekskikh-ulitsakh-budut-ustanovleny-sovremennye-svetodiodnye-svetilniki&catid=403&Itemid=339&lang=ru

Пикир

Оставить комментарий