• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түнкү клубдагы өлүм: Шектүүлөрдүн бири СИЗО-1ге, экинчиси тарбия колониясына жиберилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.10.18. / Кабар/. Бишкектеги түнкү клубда каза болгон баланын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири 1-тергөө абагына, экинчиси Вознесеновка айылындагы тарбия колониясына жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ИИББнин басма сөз кызматы маалымдады.

Милициядан түшүндүрүшкөндөй, кармалгандардын экинчисинин жашы 18ге жете элек болгондуктан тарбия колониясына жиберилген.

Билдирүүгө ылайык, экөө тең эки айга камалган.

Эске сала кетсек, түнкү клубдардын биринде мушташ чыгарган эки бала кармалган. Ал уруштан улам 18 жаштагы студент каза тапкан. Бул окуя 28-октябрга караган түнү болгон. Кармалгандар 17 жаштагы М.у.А. жана 18 жаштагы О.Р. болуп чыккан.

Аларга карата “Саламттыкка атайылап залал келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий