• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Түнкү кырсык” тасмасынын Таллиндик Гран-приси Бишкекке жеткирилди

Маданият 0


Бикек, 01.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Түнкү кырсык” тасмасынын Таллиндик Гран-приси Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрында кыргыз режиссеру Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасы Таллинде “Караңгы түндөр” эл аралык кинофестивалында баш байгени алган.

Кинофестивалга 18 тасма катышып, баш байге жана 10 миң евро акчалай сыйлыгын кыргыз режиссеру Темир Бирназаров “Түнкү кырсык” тасмасы үчүн алган.

“Кыргызфильмдин” маалыматында, бул кыргыз киносунун тарыхындагы жогорку эшелондогу кинофестивалда алган алгачкы Гран-приси.

Калыстар бул тасма алардын жүрөгүн өмүр бою кайгыда жашаган адамдын жөнөкөй, бирок толкунданткан окуясы менен багындырганын белгилешкен. “Түнкү кырсык ага бактылуу болууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берип, кубанычсыз жашоосунда жан дүйнөсүн сүйүү менен жаңыртты жана каарман толук кандуу бакытка чулганды”, - деп белгилешти алар.

Кинематография департаменти КР ТИМге жана КРнын Белоруссиядагы элчилигине Гран-прини Бишкекке алып келүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Синопсис: “Түнкү кырсык” тасмасында жалгыз бой карыя жана табышмактуу кыз тууралуу окуя чагылдырылган. Жаракат алган кызды кары адам түнү жолдон таап алат. Ал кызга кам көрүп жүрүп, акырындык менен аны сүйүп калат.

Пикир

Оставить комментарий