• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түп айылындагы борбордук парк оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Түп районунун Түп айылындагы борбордук эс алуучу паркы оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар Аркадий Чернов жана Людмила Куценко өз каражаттарынын эсебинен паркты оңдоп беришкен.

Эс алуучу жайдын ачылышына президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Данияр Арпачиев, Түп районунун акими, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Пикир

Оставить комментарий