• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түп районунда 100 орундуу кийим тигүү фабрикасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Түп районунун Ак-Булак айылында 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылышка КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, "Кумтөр" ишканасынын тыштан башкаруучу директору Тенгиз Бөлтүрүк, Ысык-Көл облустук тигүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Чыныбек Ажыбекова, район жетекчилиги, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Белгилей кетсек, тигүү фабрикасын "Салкын" ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун жетекчиси Мирбек Кожоевдун демилгеси менен ачты. Каржылоого Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусу тарабынан 10 миллион сом бөлүнсө, "Салкын" ЖЧКсы 24 миллион 500 миң сом өздүк салым көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий