• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түп районунда "Лидер" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кечээ, 10-февралда Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан "Лидер" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Семинар-тренинг табият койнунда өткөрүлүп, топтошуп укук бузууларды алдын алуу, жаш өспүрүмдөр арасында жаңжалдарды чечүү, зордук-зомбулуктарды, топтошуп мушташууларды алдын алуу багытында жана укуктун маалымдуулугун жогорулатуу максатында оюн-зоок түрүндө уюштурулган.

Иш-чаранын катышуучулары орчундуу кырдаалдарда жана топтук конфликттерде, көйгөйлөрдү угуп билүү көндүмдөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүштү.

Пикир

Оставить комментарий