• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түп районунда жаңы милициянын көчмө кабылдамасы иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги тарабынан жарандардын кайрылууларына өз убагында чара көрүү максатында берилген жаңы милициянын көчмө кабылдамасы, өзүнүн биринчи иш сапарын Түп районунун алыскы айылдарынын тургундары менен кезигүүдөн баштады.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимдин кабыл алынышы да бекеринен болгон жок. Себеби, алыс жайгашкан айылдардын тургундары райондук борборлордон алыс жайгашканга байланыштуу өз убагында, жеке эле милицияга эмес, башка мамлекеттик бийлик органдарына өздөрүнүн арыз-муундары боюнча кайрылууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Ошондуктан, жаңы милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарынын тургундары менен жолугушуудан баштады.

Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Улан Асанбаевдин айтымында, буга чейин иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамалары жергиликтүү элдерди тейлөөдө өздөрүн жакшы жактарынан көрсөтө алышты.

Өткөн жылы, Каракол, Балыкчы шаарларында жана Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунда кызмат жүргүзгөн милициянын көчмө кабылдамалары 521 жолу калктуу пункттарга чыгышып, элдерди кабыл алышкан. Укук коргоо багытынан сырткары кабыл алынган 112 кайрылуулар туура жагынан чечүүгө жетише алышкан.

«Жакшы натыйжага, жогорку деңгээлдеги коопсуздукка жетүү үчүн, жарандар менен милиция биргелешип аракеттенгенде гана жетишет. Бул биздин башкы максаттарыбыздын бири. Ал эми милициянын көчмө кабылдамаларын ишке киргизүү менен, биз бул максатка жетүүгө жол ачабыз. Себеби, милициянын көчмө кабылдамалары милицияны элге жеткиликтүү болушуна шарт түзөт», - деп белгиледи облустук милициянын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий