• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түп районунун “Суран” жайлоосунда чагылган түшүп, малдар өлдү (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айылында жайгашкан “Суран” жайлоосунда чагылган түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-июлда болжол менен саат 22:00дө чагылган К. Солтоевдин короосуна түшүп, анда камалган 44 кой жана 12 баш эчкиси өлгөн.

“Кечээ Жарандык коргонуу комисиясынын катышуусунда Кутургу айылынан 6 чакырым алыстыктагы мал көмүлүүчү жайга белгиленген тартипте өлгөн жаныбарларды көмүү иш-чаралары жүргүзүлүлгөн”, -деп билдиришти ӨКМден.

Учурда келтирилген чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий