• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түптө атасы көлгө чөгүп жаткан кызын куткарууга аракет кылган. Экөө тең көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Түп районунун Балбай айылында көлгө атасы кызы менен чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 10 жаштагы кызынын көлгө чөгүп жатканын көрүп атасы да сууга боюн таштаган. 42 жаштагы эркек киши кызын куткара албай чөгүп кеткен.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар кыз жана эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий