• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түптө баңгизатын ташып бара жаткан жеринен жергиликтүү тургун кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Түптө баңгизатын ташып бара жаткан жеринен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине маалымат түшүп, анда Түп районунун айылдарынын биринин тургуну, сатуу максатында баңгизаттарын үйүндө сактап жүргөнү маалымдалган.

Аталган маалымат облустук милициянын КБРне катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын өздүгү аныкталган. Ал, Түп районунун Тасма айылынын 38 жаштагы тургуну Н.Б. болуп чыкты.

Жакында, шектүү жаран баңгизаттарын автоунаа менен ташып бара жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда, анын жанынан 21 даана ширенкенин кутучасына салынган, салмагы 285 граммды түзгөн жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынды.

Соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Ысыл-Көл ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүү жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен айыбы угузулду.

Каракол шаардык сотунун чечими менен айыпталуучу жаранга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий