• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түптө балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон адам изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Маяк айылынын 65 жаштагы тургуну (эркек киши) 10-апрелде саат 17:30 чамасында көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 11-апрелде жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу, 8 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылды.

Натыйжа болбогондуктан издөө иштери 12-апрель күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий