• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түптө дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси табылды

Аймак 0

Бишкек, 29.12.17. /Кабар/. Түп районунда дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Санташ айыл аймагынын Сары-Төлөгөй айылынын тургуну 1974-жылы туулган А.Н.Ж., аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон.

“29-декабрда болжол менен саат 13:00 чамасында Кең-Суу айылынын түштүк тарабынан дайынсыз жоголгон А.Н.Ж. атуу жарандын жансыз денеси табылып, Түп РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий