• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түптө "Энелердин аллеясы" курулат

Аймак 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Түптө "Энелердин аллеясы" курулат, - деп билдирет министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аллея түзүлө турчу жерге 13-июлда облус башчысы Мирбек Кожоев барып таанышты.

"Аллея Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн аймагындагы көлдүн жээгине курулат. Ал жер Ленинград блокадасында 150 баланы сактап калган, легендарлуу Токтосун Алтыбасаровага арналган, туристтик аймак болуп түзүлөт.", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, аллеяны түзүү демилгеси "Мээрим булагы" балдар үйүнүн жетекчиси, айыл тургуну Гүлнара Дегембаевага таандык.

Облус жетекчиси аллея түзүлө турчу жердин айланасын тазалоону жана курчап берүүнү райондук администрация жана айыл өкмөтүнө тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий