• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түптө мөндүр, Ала-Арча менен Токтогулда кар катуу жааса, Базар-Коргондо үшүк катталды

Коом 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. КР ӨКМ республиканын аймагында 4-октябрда саат 09:00 дөн 5-октябрда саат 09:00 нө чейин байкалган аба ырайы жөнүндө маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 4-октябрда күндүз жана 5-октябрда түнкүсүн Өзгөн районунда жана Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу районунда катуу жаан жаап, Төө-Ашуу ашуусунда жана Ала-Арча капчыгайында катуу кар жаады. 5-октябрда түнкүсүн Базар-Коргон районунда -0°ка жеткен үшүк катталды. 4-октябрда күндүз жана 5-октябрда түнкүсүн Токтогул ойдуңунда жана Ысык-Көл акваториясында батыштан соккон, ылдамдыгы секундасына 20-24 метрге жеткен катуу шамал катталды. 5-октябрда түнкүсүн Ысык-Ата, Аксы, Базар-Коргон райондорунда туман түшүп, көрүү аралыгы 50-500 метрге чейин төмөндөдү. 4-октябрда күндүз Түп районунда мөндүр жаап, диаметры 4 мм түздү.

4-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын катталды (0,0-14,0 мм). Абанын жогорку температурасы көпчүлүк аймактарда 5…12°га чейин төмөндөп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 11…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө 6…9°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 9…15° жылуу болду.

5-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катталды (0,4-8,2 мм). Талас, Баткен облустарында жаан-чачын катталган жок. Абанын төмөнкү температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 2…5°, Ысык-Көл ойдуңунда 2…7°, Балыкчы шаарында 0° болду, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 5...9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…7°, Ак-Таала районунда 0° болду.

Бишкек шаарында 4-октябрда абанын суткалык орточо температурасы климаттык нормадан 8,2° төмөн болду. 4-октябрда күндүз абанын жогорку температурасы 7°, 5-октябрда түнкүсүн төмөнкү температурасы 5° жылуу болду.

Ош шаарында 4-октябрда күндүз абанын жогорку температурасы 12°, 5-октябрда түнкүсүн төмөнкү температурасы 6° жылуу болду.

Пикир

Оставить комментарий