• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түптө муз аянтчаларындагы коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунда муз аянтчаларындагы коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан район аймагындагы көлмөлөрдүн үстүнө жасалган муз аянтчаларындагы муздун калыңдыгы текшерилди.

Кышкы эс алуу учурунда балдардын коопсуздугун сактоо, кичинекей балдарды кароосуз калтырбоо боюнча жалпы тургундарга кайрылуу жасалды. Аталган муз аянтчалары терең көлмөлөрдүн үстүнө жасалгандыктан, муз сынып кетип, балдардын түшүп кетүү коркунучу бар.

Муз аянтчаларын иштетип жаткан адамдарга муз үстүндө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий