• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түптө мыйзамсыз балык уулаган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл акваториясында мыйзамсыз балык уулоо менен алектенип жүргөн Түп айылынын К.М.О. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кармоо учурунда жаранга тийиштүү жүз метрлик синтетикалык тор жана үйлөмө желим кайык аныкталды.

"Жеринде акт түзүлүп, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди", - деп белгилешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий