• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түптө нөшөрлөгөн жаандан улам үйлөрдүн короосун, мүрзөнү суу каптады — видео

Аймак 0


Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Түп районунда 25-август күнү саат 18:10дор чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген суулар үйлөрдүн короолорун каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Шаты айылында кокту колоттордон келген суулар Супатай көчөсүндөгү арыкка батпай, эки турак үйдүн короолорун жана ички чарбалык жолду каптаган.

Ошондой эле Балбай айылында кокту колоттордон келген суулар мүрзөнү каптаган. Учурда суу тартылып, коркунуч жок. Тартылган күчтөр жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзгөн.

25-август күнү тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий